Раззаков шаарында эркектин эрктүүлүгүн жогорулатуу боюнча талкуу өттү

Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Нур мечитинде Лейлек районунун хатибияты «Биздин добуш» коомдук фонду менен биргеликте «Эркектин эрктүүлүгүн жогорулатуу, жамаат ичиндеги маектер» долбоорунун алкагында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында дин кызматкерлери, мечит имамдары менен жолугушуу уюштурду.  

Аталган жолугушууга Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев, «Биздин добуш» коомдук фондунун жогоруда аталган долбоорунун координатору Нурбек Алимкулов, Кулунду жаштар борборунун төрагасы Баратов Кеңешбек, В.И. Ленин мектебинин мугалими Данияр Саттаров жана мечит имамдары катышты.  

Жолугушууда дин кызматкерлери, мечит имамдары менен эркектин эрктүүлүгүн жогорулатуу, аялдарга, кыз-келиндерге карата жасалуусу мүмкүн болгон ар кандай зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр, талкуулар жүрүп, Лейлек районундагы жума окулуучу чоң мечиттерде мечит имамдары менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштуруу пландалды. Жолугушуу жакшы маанайда өтүп, акырында катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, эл-журтка дуба кылуу менен аяктады.