Кызыл-Кыя шаардык хатибияты шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев Кызыл-Кыя гуманитардык педогогикалык институнун мугалимдери жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ислам дининин баалуулуктары, матуриди акыйдасы, ханафи мазхабы боюнча маалыматтар берилип, мындан сырткары эрте турмуш куруунун кесепеттери жөнүндө лекция окулду.

Нийматилла ажы Топчиев жолугушуусунда ата-энени сыйлоо, улууларды урматтоо, адеп-ахлактын маанилүүлүгү туурасында маалымат берип, жаштарды ыймандуу, тартиптүү, абийирдүү болууга чакырды.

Ал эми окуу жай жетекчилиги Топчиев Нийматилла ажыга ыраазычылык билдирип, Алкыш баракча менен сыйлады.