Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Аламүдүн районунун акими менен жолугушту

Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Аламүдүн районунун акими Мурадин Тешебаев менен жолугуп, райондогу диний абал боюнча пикир алышты.

Ошондой эле, 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жана элге туура түшүнүк берүү, райондогу каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү, улут аралык, эл аралык мамилени чыңдоо жана бекемдөө тууралуу талкуу кылышты.

Жолугушуу соңунда облус казысы: «Аллах Таала баарыбызга ийгилик берип, өлкөбүздүн өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуусун насип кылсын. Эгемендигибиз жана эркиндигибиз түбөлүк болсун», – деп дуба кылды.