Баткен районунда мектеп окуучуларына ыйман жана адеп темаларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен районунун С.Момунов атындагы орто мектебинин окуучуларына ыйман жана адеп темаларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов, ата-энелер, мугалимдер жана мектептин эмгек жамааты катышып, анын алкагында окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен Мекенин, элин сүйгөн атуулдардан кылып тарбиялоо ар бир инсандын милдети экендиги айтылды.

Муну менен катар окуучуларга убакытты туура пайдалануу, экстремизм, терроризм, терс диний агымдардан этият болуу туурасында маалыматтар берилди.

«Балаңды көрсөт, мен сенин келечегиңди айтып берем» демекчи,  балдарыбызга туура тарбия берүү менен аларды келечекте татыктуу инсан кылып тарбиялайбыз», – деди райондун баш имам-хатиби АБдурашид ажы Юнусов өз лекциясында.