Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 12-июндан тарта Сауд Араб Падышачылыгына жөнөй баштайт

Кыргызстандык  ажылардын алгачкы тобу 12-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарына учуп кетишет. Ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп бармакчы. Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча САПка  жөнөп кетишет. Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салышат.