Абибилла ажы Кадырбердиев Араван районунан ажылыкка аттанган жарандарга сабак өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин тапшырмасына ылайык, КМДБ жана облустук казыят кызматкерлери быйылкы 2023-жылдагы ажылык сапарына аттануучу жарандарга сабактарды уюштурууда.

Анын алкагында Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунун Араван районуна келип, ажылыкка даярдык көрүп жаткан болочок ажылар менен жолугуп, мухримдик, ихрам кийүү, микаттар, ажылыктын шарттары, тыюу салынган амалдар жана жарималар боюнча кенен айтып сабак өттү.

“Ислам дини беш нерсенин үстүнө курулган; ал ыйман келтирүү,  намаз, орозо, зекет жана кудирети жеткен, мүмкүнчүлүгү бар кишиге өмүрүндө бир жолу ажылык кылуусу. Мусулман киши кайсы ишке же амалга киришсе, сөзсүз анын илимин билүүсү милдет. Ошол сыяктуу эле ажылык парз болуп, сапарга аттанып жаткан сиздерге да ажылык илимдерин үйрөнүү парз. Андыктан ажылык амалдарыбыздын кабыл болуусу үчүн бардык тыюулардан узак болуп, буйрулгандай аткаралы”, – деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Сабактын соңунда Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов ажылыктагы ыклас жана ниеттин калыс, түз болуусу тууралуу баяндама жасап, сапардан кайткандан кийин ысырапкордукка жол бербөөгө чакырды.