Ноокатта КР Президентинин №54 жарлыгын ишке ашыруу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ош облусунун Ноокат районунда мамлекеттик администрация менен биргеликте Ноокат райондук хатибияты КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» №54 жарлыгын аткаруу алкагында маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана үйлөнүү, кыз узатуу тойлорундагы ысырапкерчиликти болтурбоо максатында район аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн жана Ноокат шаарынын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Район аймагында массалык түрдө өтүп жаткан ысырапкорчулукка каршы иш-чараларга Ноокат райондук мамлекеттик администациясынын башчысы Нургүл Зулпуева, Ноокат шаарынын мэри Таалайбек Тезекбаев жана райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев баштаган дин кызматкерлери жигердүү катышып, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө активдүү катышып келет.

Ноокат районунда калк арасындагы үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды, той-аштарды жана эл ичинде жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды өткөрүүдө ыксыз чыгымга жол берөө жана аларды тартипке келтирүү максатында түзүлгөн комиссиянын тобу буга чейин да эл көп топтолгон жайларда, мектептерде, жума баяндарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.