Талас мамлекеттик университетинде экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Талас мамлекеттик университетинде экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча Талас облусунун мусулмандарынын казыяты, Талас мамлекеттик университети жана укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын жамааты, Талас мамлекеттик университетинин администрациясы, окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Жыйында улут тынчтыгын жана биримдигин чыңдоо, ар кандай чагымчыл күчтөргө туруштук берүү айтылып, ар бир инсан өз улутун жана динин жакшы билүүсү шарт экендиги баса белгиленди.

Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамут уулу өз лекциясында экстремизм жана терроризмдин динге, ишенимге, улутка байланышы жок экендигине токтолуп өттү. Ошону менен катар массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан ар кандай информацияларды тактап, расмий сайттардан алууну айтып, ал эми диний маалыматты КМДБнын расмий дин кызматкерлеринен алуу зарыл экендигин белгиледи.