Үй-бүлө баалуулуктарын барктайлы

Акыркы учурларда коомдо адаттан тышкары көрүнүштөр жүз берүүдө. Айрыкча, өз элинин каада-салтына берилгендикти сабатсыздыкка теңеп, улууну урматтоонун баркын кетирип, аял-эркектин үй-бүлө курууга умтулуусун шылдыңга алгандар бар. Мындай адамдар бачабаздык сыяктуу жийиркеничтүү иштерди колдоп келет. Бачабаздык муундардын ортосундагы мыйзам ченемдүү мамиленин талкаланышына, чыр-чатактын курчушуна алып келет. Бул карама-каршылыктар акырындык менен тереңдеп, үй-бүлөдө ажырымдар пайда болуп, натыйжада маңкурт муунду өстүрүү үчүн улутубузду өтмүшүнөн үзүп, өзөгүнөн ажыратат.

Бүгүн «аялдардын укугу» деген шылтоо менен Кыргыздын каада-салтына, менталитетине, улуттук баалуулуктарына жат нерселер таңууланып, улуттук баалуулуктарыбызга шек келтирилген көрүнүштөр болуп жатканы жашыруун эмес. Кыргызда ата-бабалар эзелтен бери эле «кыздын кырк чачы улуу» деп аялзатын урматтап келген. Мындан ары да ошол салтыбыз менен аялдарды урматтап, кадырлап-барктап, көч жолун улай беришибиз керек.

Албетте коомдо катталып жаткан үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктардын болуп жатышы бул жаман көрүнүш. Мындайга жол бербей коомчулук, ак сакалдар зордукчуларды Кыргыздын каада-салты менен тартипке чакырып, жагымсыз көрүнүштү жоюу зарыл. Үй-бүлө баалуулуктарын жаштарга айтып, зордук-зомбулуктун алдын алуу керек.

Ар бир элдин өзүнүн баалуулуктары болот эмеспи. Бул талашкыс нерсе. Бирок эгерде кимдир бирөөлөр башкалардын каада-салтын, алардын маданиятын өздөрүнө кабылдап, башкаларга дагы ушуну таңуулап жаткан болсо, анда ал улут өздүгүн жогото баштайт. Андыктан ар бирибиз өзүбүздүн улуттук каада-салтыбызды, үй-бүлөлүк баалуулуктарыбызды, нарк-насилибизди, намысыбызды, динибизди бекем сактайлы! Дүйнөдө бир да эл, бир да улут өзүнүн каада-салтын, улуттук баалуулуктарын, маданиятын чанып, башкалардын маданиятын, көз карашын, каада-салтын даңазалабайт.  Ошондуктан өзүбүздүн улуттук каада-салтыбызды, үй-бүлөлүк баалуулуктарыбызды, нарк-насилибизди, намысыбызды көздүн карегиндей сактап, кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз.

Улуу динибизде да үй-бүлө коломтосуна кам көрүлөт. Ал эми үй-бүлө баалуулуктарына каршы келген жагдайлар жакшы кабыл алынбайт. Шариятыбыз өзгөчө бачабаздыктан тыйып, аны абдан жийиркеничтүү иш катары баалаган. Куранда бул жаман көрүнүш Лут коомунун кылык-жоругу катары белгилүү болуп, бачабаздык катуу айыпталган.

“Лут (өз) элине: “Албетте, Силер өтө бузук иш кылып жатасыңар, мындайда ааламда эч ким силерден ашкан эмес, чын эле силер эркектерге барасыңар[1] жана жолдорду кесесиңер,[2] чогулуштарыңарда жаман иштерди кыласыңар[3].

Анын элинин айткан жообу: “Эгер сен чынчылдардан болсоң, анда бизге Алланын азабы менен келгин”, – деген гана болду”

(Анкабут, 28-29).

Демек, кудай койгон мыйзамга каршы чыгуу азаптарды чакырат. Ыйык Куранда Алла Таала чектен чыгуудан тыйган:

«Чектен чыкпагыла. Чындыгында, Аллах Таала чектен чыккандарды жакшы көрбөйт»

(Бакара 190).


[1] Бачабаздык кулач жайган эле.

[2] Келген, же ары-бери өтүп бара жаткан жолоочуларды кармап, тоноп алышып, бир топторун зордукташкан.

[3] Бачабаздыкты алар чогулуштарда да бири-биринен эч уялбай эле көз-көрүнөө жасашкан.