Өзгөндө райондун баш имам-хатибинин демилгеси менен хатибият кызматкерлери мечиттерди кыдырууда

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакировдун демилгеси менен хатибият кызматкерлери райондун аймагындагы борбордук мечиттерде жума баян өтүп, элди ысырапкерчиликтин алдын алууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Демилгечи райондун баш имам-хатиби эл арасында ар кандай максатсыз чыгымдардын алдын алууну көздөп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу натыйжа берерине токтолуп, төмөнкүлөрдү атап өттү:

«Кадырман элибиз диндар болгондуктан имам-дамлалардын, дин кызматкерлеринин сөздөрүнө көп амал кылышат. Ошондуктан калкыбызды ысырапкерчиликке барбай, ошол коротулуп жаткан каражатты башка сооптуу иштерге бурсун деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул иш-чараны Өзгөн шаарынан баштадык, буюрса районубуздун алыскы айылдарына чейин кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз».