Ошто дин кызматкерлерине “Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусу” деген теманын алкагында тренинг өткөрүлдү

2023-жылдын 1-2-3-июнь күндөрү Ош шаарындагы Sun Rise мейманканасынын жыйындар залында дин кызматкерлери үчүн “Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусу” деген теманын алкагында 3 күндүк тренинг өткөрүлдү.

Аталган тренинг “Абдыжапар” атындагы ислам институту, “Салахиддин Эшан” ислам институту, “Жолдошбай ажы” медресеси, “Козу кызы Бурмакан” окуу борборунун өкүлдөрү жана шаардагы айрым мечит имамдары катышты.

Тренинг соңунда катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды.