Лейлек хатибияты Бешкентте ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалыматтык-профилактикалык жыйын өткөрдү

2023-жылдын 3-июнунда Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө Лейлек районунун хатибияты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын «Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө» фатвасын аткаруу алкагында Бешкент айыл аймагынын жашоочуларына маалыматтык, түшүндүрүү-профилактикалык жыйын өткөрдү.

Жыйынга Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев, Лейлек РИИБнин ЭММКАКнын кызматкери Айбек Кабылов, Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы  Каныбек Алимбеков, Лейлек РИИБнин Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн Бешкент айылындагы кызматкерлери, Лейлек районундагы айыл аймактардын жооптуу имамдары, ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, айыл башчылар жана жергиликтүү аксакалдар катышты.

Жыйын алгач Куран окуу менен башталып, Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчиликке жол бербей, сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асылбоосу, тамак берилбөөсү керектигин айтып, аза күткөн үй-бүлөнүн малын союп, жаназага келгендерге тамак жасоо макүрөө болорун эскертти. А эгер маркумдун артында балагатка жете элек балдары калган болсо, жаназага келгендерге тамак берүү арам болору, мындай учурда жаназага келгендер маркум чыккан үйдөн тамактанса жетимдин акысын жегенге барабар болоорун баса белгиледи. Той маарекелерде да ысырапкерчиликке жол берилбөөсүн, шарияттын чегинен чыкпай, ислам адептеринде болуусун айтып,   жалпы коомчулук, эл-журт биргелешип ысырапкорчулукка жол бербөөнү сунуштады.

Райондун башка айыл аймактарынын жооптуу имамдары да жогорудагы маселе боюнча Курандан, хадистерден, китептерден бир катар мисалдар келтирип баяндама жасап өтүштү. Укук коргоо органдары да коомубуздагы ар бир маареке, ырым-жырымдар мыйзамдын талаптарына ылайык, жарлыкта айтылгандай тартип менен өтүшү керектигин айтышты. 

Жыйын соңунда эл-журтка бата кылынып, жакшы маанай менен жыйынтыкталды.