Баткендин Көк-Таш айылында 7 млн сомдук заманбап мечит, окуу борбору жана фельдшердик пункт ишке берилди

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына фельдшердик пункт, жаштар окуу борбору жана айылдыга мечит имараты курулуп бүтүп, ачылуу аземи болду.

Иш-чарага “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун президентинин орун басары Недал Кундиль, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл тургундары, аксакалдар катышты. 

Абдушүкүр ажы Нарматов алгач куттуктоо сөзүн айтып, мечит-медресе куруунун артыкчылыктары тууралуу баян кылып, Көк-Таш элине тынчтык, дуба- тилектерди айтып, салым кошкон бардык демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Келген коноктор да куттуктоолоун айтып, мечит элди ыймандуулукка үндөгөн ыйман коломтосу болушун жана эл үзүлбөй толуп туруусун тилек кылышты. 

Ал эми салтанаттуу ачылышта айыл тургундары жетекчиликке, кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө, демөөрчүлөргө ак баталарын беришип, кубанычтарында чек жок экенин жашырышкан жок. 

Белгилей кетсек, “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган заманбап шарттары бар бул социалдык обьектилердин жалпы сметалык баасы 7 миллион 300 миң сомду түздү.