Үч-Эмчек айылында жаңы мечит курулуп, ачылыш аземи болуп өттү

Талас облусунун Талас районундагы Үч-Эмчек айылында заманбап мечит курулуп, колдонууга берилди. «Исар» кайрымдуулук фонду тарабынан курулган диний объектинин ачылышына казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу, Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиев, Талас облусунун мурунку казысы Таалайбек ажы Бапиев баштаган дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, фонд жетечилиги жана айыл тургундары катышты.

Жергиликтүү тургундар демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, салтка ылайык калпак кийгизип, чапан жаап, бул күндү чыдамсыздык менен күтүшкөнүн айтып өтүштү.