Акжол ажы Бакиров: “Ислам – бул тынчтык”

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондун жалпы имамдарына экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өтүп, бул жаатта мамлекеттик органдын кызматкерлери менен тыгыз иштешүү керектигин айтты. Ошондой эле жайкы лагерлерди жана күндүзгү окуу курстарын уюштурууда атайын талап кылынган документтердин негизинде жүргүзүү, кыска мөнөттүү курстарды уюштурууда тазалыкка, ага келген балдардын коопсуздугуна көңүл буруу жана диний билим алууга дилгир жаштарга сылык мамиле жасап, туура таалим берүү тапшырмаларын берди.

“Экстремизм – бул чектен чыккан көз караштарды жана аракеттерди колдоо дегенди туюнтат. Аты айтып тургандай эле чектен чыккан, аша чапкан түшүнүктөр туура эмес. Бардык нерсенин чеги, эрежеси бар. Ошондой эле аят, хадистерди түшүнүүдө жеке көз караш менен чектелип, аны эл арасында жайылтып бузукулук кылуу да экстремизмдин бир түрү. Ошондуктан шариятты үйрөнүүдө устаз кармап, талим алуу зарыл. Аны менен катар окутуп жаткан жаштарга да ушул түшүнүктөрдү айтып, аладын келечекке болгон кадамын туура тарапка буруубуз керек. Анткени ислам – бул тынчтыктын дини. Ал эми исламды карманган киши мусулман деп аталып, ислам шарияты көрсөткөн чектен чыкпайт”, – деди Акжол ажы Бакиров.