Ч. Айтматов районунда экстремизм, ысырапкорчулук жана жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Ч.Айтматов районундагы «Семетей» кинотеатрында экстремизм, терроризм, ысырапкорчулук жана жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жаатында жыйын болуп өттү. Иш-чарага Ч.Айтматов районунун акими Бектур Сагымбаев, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Мирзат ажы Барпыбеков, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана Ч.Айтматов районунун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев катышты.

Жыйында Мирзат ажы Барпыбеков билимсиздик ар дайым адашууга алып барарын, дин боюнча чала сабаттыгы себептүү саясий оюндарга курал болуп, динге көө жаап, исламды экстремизм жана терроризм катары көрсөтүп жаткандар жок эместигин, чындыгында ислам дини аруу жана таза дин экендигин кеңири баяндап берди.

Ал эми Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев динге, салтка туура келбеген ыксыз чыгымдар жана ысрапкорчулуктун туура эместигине токтолуп, бул жаатта биргеликте үзгүлтүксүз иш алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда район акими Бектур Сагымбаев иш-чарага катышкандарга ыраазычылык билдирип, күн тартибиндеги маселелер боюнча жапа тырмак иш жүргүзүүгө чакырды.