Нематулла ажы Жээнбеков жаш имамдар менен карыларды кабыл алып, алардын пикирин укту

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жаш имамдарды, Куран жаттаган карыларды, медереседе таалим берген окутуучуларды кабыл алып, облустагы диний абал, жаштардын көз карашы жана аракети жөнүндө пикирлерин укту. Жолугушууга жалпы жыйырмага жакын жаш имам карылар катышты.

Облус казысы Ниматулла ажы Жээнбеков: “Аалымдар Пайгамбардын мураскорлору. Пайгамбарыбыздан бизге материалдык байлык калган жок. Бизге илим калды. Ошондуктан молдолордун билимдүү болусу бүгүнкү күндүн талабы. Туура илим алып, аны туура жеткирүү сиз менен бизге аманат. Ошондуктан окуудан, изденүүдөн талбай, билим алууга аракет кылгыла. Аны менен катар аксакал молдолорубузга урмат менен мамиле жасоону унутпайлы. Алар ушул күнгө чейин бизге исламды жеткирип, туура жашоонун жолдорун насыйкат кылып айтып келишти. Бүгүн бир аз илим алып, ар кайсы мамлекеттерден диний сабатсыздыгын жоюп окуп, улуу муундагы молдолорго “сиздин илимиңиз жок” деп тоготпогондой мамиле кылган жаштар дагы жок эмес. Ошондуктан ошондой жаштарды туура жолго баштоо, жаштар арасында туура жана таза исламды жеткирүү, аларга үлгү болуу силердин милдетиңер болуш керек”, – деди.

Жыйынга катышкан жаштар казынын айткан сөзүн кубаттап, “баарын өзүбүздөн башташыбыз керек. Башкысы кайсыл жерден билим алгандыгыбыз эмес, казы айткандай эң башкысы инсандыгыбыз, адамдык акыл парасатыбыз. Улууларга урмат көрсөтсөк, биз да кичүүлөрдөн ызат көрөбүз. Жаштар кайдыгер болбой, коомдогу терс көрүнүштөргө бөгөт коюп, өзүбүз башкаларга үлгү болушубуз керек. Ынтымакта, биримдикте иш алып барышыбыз мезгил талабы” деген пикирлерин айтышты.

Жыйындын соңунда жаш имам, карылар тарабынан ай сайын чогулуп кеңешип туруу сунушу айтылды.