Ош шаарында дин кызматкерлерине айлык жыйын өткөрүлүп, диний объектилердеги көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышы эскертилди

Ош шаардык казыятына караштуу мечит, медресе, институт жана окуу борборлордун мүдүр, имамдарына айлык жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жана орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Гүлүмкан Урустамова, КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Адилбек уулу Фурхатбек жана Ош ШИИБден өкүл катышты.

Жыйындын жүрүшүндө алгачкы маселелер имамдардын жаңылануусу боюнча тааныштырылып, жыйынга келбеген имамдарга эскертүүлөр берилди. Негизги маселелердин бири мамлекеттик тил боюнча талкуу болуп, диний объектилердеги маалымат тактайчалары, намаз убактылары, деги эле көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышы керектиги айтылды.

КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу жыл башынан бери жүрүп жаткан мечиттерди эсептик каттодон  өткөрүү боюнча сөз кылып, кээ бир учурларда мечит салынып бүткөнгө чейин казыятка кайрылбай, тиешелүү тараптардын уруксатысыз салынып калган объектилерди айтып, каттоо учурунда бир топ көйгөйлөрдү жаратарын айтты.

Жыйын экиинчи бөлүгүндө Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жогорудагы айтылган маселелер боюнча дыкаттык менен иш алып баруу тапшырмасын берип, жакынкы арада имамдарга аттестациялоо болорун белгиледи.

Айта кетсек, жайкы лагерлер уюштуруу казыяттын уруксаты жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атайын Жобосуна ылайык болуусу шарт экенин айтып, уруксаты жок иш алып баргандарга чара көрүлөрү эскертилди.