Нематулла ажы Жээнбеков мурдагы казылар жана өмүрүн динге арнаган аксакалдар менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков мурдагы казылар жана аксакалдарды кабыл алды. Жолугушууда облус казысы дин үчүн кызмат кылган мурдагы казыларга жана өмүрүн исламга арнаган ардагерлерге алкыш айтып, алардын акыл-насааты, өрнөктүү өмүрүндөгү иш тажрыйбасы жаштар үчүн чоң мектеп экендигин белгилөө менен дайыма тыгыз байланышта иш алып баруу сунушун айтты.

 “Карысы бардын ырысы бар. Ким улууну урматтаса кичүүдөн сый көрөт”, -деп элибиз бекеринен айтпаган. Казыят дайыма сиздердин кепкеңешиңиздерге муктаж. Ошондуктан биз менен тыгыз кызматташып, облустагы диний абал, артыкчылыктар жана кемчиликтер жөнүндө ой пикириңиздерди айтып туруңуздар. Бүгүн да сиздердин пикириңиздерди, кепкеңешиңиздерди угалы деп урмат кылып чакырдык”, – деди Нематила ажы Жээнбеков.

Жыйында аксакалдар казыяттын алдында аксакалдар кеңешин түзүү сунушун айтышты:

«Түзүлгөн кеңештин курамы жалаң аалымдардан же дин кызматкерлеринен болбошу керек. Облуста ар тармакта иштеген, өз ишинин мыктысы болгон ардагерлер бар. Кеңештин курамына мына ошол аксакалдарды да кошушубуз зарыл. Анткени молдолор, дин кызматкерлери жан дүйнөбүз жумшак болгондуктан, кээ бир маселелерде инсандын көңүлүнө көбүрөөк карап жумшактык кылып коёт экенбиз. Ошондуктан ар тармактан болсо мыйзамдуу жана туура чечимдер кабыл алынат. Бизди чакырып пикирибизди угуп, жылуу сөздөрүңүздү айтканыңыз үчүн ыраачылыгыбызды билдиребиз. Казыят менен ар дайым кызматташтыкта чогуу иш алып барабыз”. Жыйын соңунда облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков атайын убакыт бөлүп, казыятка келген дин ардагерлерине ыраазычылык билдирип, аларга Курани Карим китебин белек кылды.