Бишкек шаарындагы «Келечек» мечитинде ордо калаадагы жалпы имамдарга кезектеги жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы «Келечек» мечитинде ордо калаадагы жалпы имамдарга кезектеги жыйын өткөрүлүп, ага жалпы 68 мечиттин имамы жана райондук баш имам-хатибдер катышты.

Жыйында бир катар орчундуу маселелер каралып, тапшырмалар берилди. Алсак:

— Жайкы лагерь уюштуруудагы жоопкерчиликтер;

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар;

— Каттоодон өтө элек мечиттер жана жаңы курулуп жаткан диний объектилердин каттоосу,

— Имам-хатибдердин иш-чараларды уюштуруусу.

Жыйын алкагында шаар казысы Шакир ажы Маматов төмөнкүлөргө токтолду:

«Баарыңыздарга маалым болгондой, Кыргыстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан жайкы лагерь уюштуруу боюнча атайын жобо иштелип чыкты. Лагерь боюнча ишмердүүлүгүбүздү ушул жобонун негизинде алып барууну тапшырма катары айтамын. Жайкы каникул учурунда мектеп окуучулары убактысын бош өткөрбөй мечит, медресе жана жайкы лагерлерге барып Куран үйрөнүп, билим алуусу келечекте өзүбүзгө чоң пайда алып келет. Ошондуктан биздин милдет балдарбызга туура жол көрсөтүү жана туура билим берүү. Азыркы күндө диний терс агымдар көп эмеспи. Андыктан шаар ичинде жайкы лагерь уюштура турган тараптар болсо, сөзсүз түрдө казыятка келип уруксатын алып кетүүлөрү керек».