Лейлек районунун баш имам-хатиби кыздардын билим алуу укуктарын коргоо боюнча өткөн коомдук диалогго катышты

Лейлек районунун Раззаков шаарында Раззаков шаарынын жаштар борборунда кыздардын билим алуу укуктары боюнча коомдук диалог өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик маселелер боюнча башкармалыгынын башчысы Окоева Гульмира Качкыновна, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев, Раззаков шаарындагы “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунунун мүдүрү Кубатбек Абдыгапар уулу, имамдар жана мугалимдер катышты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик маселелер боюнча башкармалыгынын башчысы Гульмира Окоева мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалыматтарды жана профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча сунуштарды берди.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов 2021-2026- жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жана айтылган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берүү менен бирге, ырым-жырымдардагы ысыпкерчилик, үй-бүлөлүк көйгөйлөр сыяктуу ар кандай коомдук маселелер боюнча сунуштарын айтты.

Ошондой эле Лейлек районунун баш имам-хатиби тарабынан да сунуш-пикирлер айтылып, биргелешип иш алып баруунун зарылдыгы жана мындай коомдук диалогдун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Аталган диалог Диндер аралык диалогду жана толеранттуулукту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү долбоорунун алкагында ЕККУнун колдоосу менен “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Лейлек райондук хатибияты менен кызматташтыкта өткөрүлдү.