Араван районунун баш имам-хатиби райондогу аялдардын диний окуу жайларынан кабар алды

Ош облусунун Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков райондогу аялдардын диний окуу жайларын зыярат кылып, жыйынтыкталып жаткан окуу проссеси менен таанышты.

Зыяраттын алкагында райондун баш имам-хатиби окуу жай жетекчилигин хатибият менен тыгыз байланышта болуп, дайыма биргеликте иш алып баруу жемиштүү болорун айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Эне – бул мектеп» дейт эмеспи. Андыктан энелер билимдүү болсо келечекте элибизге, жерибизге жана динибизге кызмат кылган уул-кыздарыбыз чыгат. Ар түрдү түшүнүктөр тарап, талаш-тартыштар көбөйгөн учурда районубуздагы айымдарыбыз бир ишеним, бир пикирде болгону жакшы нерсе. Ушул сыяктуу маселелерди эске алып жакындан кызматташалы. Биз да колубуздан келишинче сиздерди колдоп, кубаттап жардамдашып  турабыз».