Баткен облусунун казысы «Биздин балдар – планетанын келечеги» аттуу марафонго жана майрамдык иш-чарага катышты

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган «Биздин балдар – планетанын келечеги» аттуу марафонго жана  майрамдык иш-чарага катышты. Баткен шаарындагы Аппаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрында өткөрүлгөн иш-чарада облус казысы жалпы балдарды майрамы менен куттуктап, балдардын күлкүсү, жүзүндөгү жылмаюсу, жаркын келечегине арналган марафонго Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан акчалай салым кошту. 

Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров өз сөзүндө: “Балдар – биздин байлыгыбыз, андыктан биз ар бир баланын мээримди, боорукердикти сезип чоңоюшу үчүн болгон аракетибизди кылуубуз керек”, – деп белгилеп, ар бир балага бекем ден соолук, ыйман, бактылуу балалык каалады.