Ош шаарында дин кызматкерлерин окутуу жыйынтыкталып, сертификаттар ыйгарылды

Ош калаасында шаардык казыяттын сунушу жана Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин колдоосу менен дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган 3 күндүк сабак аяктап, катышкан имамдарга сертификаттар тапшырылды.

Сабактын негизги максаты имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, жамаат менен иштеше билүү потенциалын көтөрүү жана  акыйда илимдерин өөрчүтүү болуп эсептелерин айткан Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов аталган семинар Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү саясатынын концепциянын негизинде өткөрүлгөнүн  айтты. Сабактарды  уюштуруу мындан ары да ырааттуу жүргүзүлөрүн билдирген ал кийинки сабак жыл башында башталарын билдирди. Ал ошондой эле окуу курсуна катышкан имамдарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап өттү.

Үч күндүк сабакка сатышкан имамдар теология факультетинин мыкты шарттарды түзүп, жогорку деңгээлде билим бергенин белгилешип, окуу жай жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.