Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: «60 жыл бою тыйын топтоп ажыга бараткандар бар, андыктан өтө аманатчыл кызмат кылалы»

Бүгүн, 1-июнь күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте ажы башчыларга республикалык жыйын болуп өттү. Жыйналышта Азирети Муфтий ажыбашчылык аманат кызмат экенин айтып, ажыларды коштоп баруучуларга бир катар тапшырмаларды берди.

«Ажылык Куран аркылуу бекитилген улуу ибадат. Мында баарыбыз улуу ажылыкка кызмат кылабыз деп өз эркибиз, өз каалообуз менен келип отурабыз. Бул Алла жолундагы озуйпа болгондуктан, өтө аманатчыл, өтө чынчыл, өтө адилеттүү иш алып барууга милдеттүүбүз. Кайдыгерлик, шалаакылык, эгоисттик, тоңмоюндук, тээжиктик, итаатсыздык жана башканын баары кыянатчылык болуп саналат. Ажыга аттангандар таза тилек, улуу ниет менен аттанууда. Исламдын бешинчи парзын тикелеш үчүн көп жылдар бою ак мээнет менен акча топтоп, ак дил менен ата-энесин жөнөтүп жаткандар арбын. Алардын арасында 60 жыл бою ажыга барууну көксөп, 60 жыл тыйын топтоп бараткандарды тааныйм. Ушул себептүү өз милдетибизди кынтыксыз аткарууга тийишпиз».

Азирети Муфтий өз сөзүндө итаатчылыктын пазилетине токтолуп, ажы башчыларды штабга баш ийүүнү эскертти.

Ал эми ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасы, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев жооптууларга ажылар менен тыгыз мамиледе болууну айтып, алардын руханий жактан өнүгүүлөрү үчүн максималдуу аракет кылуулары керектигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө БТК төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов ажылык мезгилиндеги курмандык маселеси, андагы оош-кыйыштар боюнча токтолсо, КМДБнын ажылык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев быйылкы жылкы ибадаттагы талаптар, шарттар, өзгөчөлүктөр боюнча маалымат берди.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы САП тарабынан Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн. 2023-жылдагы ажылыктын жалпы калькуляциялык наркы 3900 АКШ долларын түзсө, өткөн жылы 4500 АКШ доллары болуп бекитилген болчу.