«Ыйман» мечити 80 мүмкүнчүлүгү чектелген жана 70 жетим балага майрамдык маанай тартуулады

Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Ыйман» мечити тарабынан 80 мүмкүнчүлүгү чектелген жана 70 жетим балага майрамдык маанай тартууланды. Саамалыкка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мечит жамааты катышып, балдар үчүн татуулар жана күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттар тапшырылды.

«Балдар үчүн бардык мүмкүнчүлүктү түзүп, оюн-зооктор тартууланып, белек-бечкектер берилди. Муну менен катар таттуулар таратылып, балдардын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылдык. Бул балдардын ата-энелери баатыр деп айтам. Себеби мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кароо, багуу жана аларды окутуу абдан чоң мээнет. Ал эми жетим балдарды багып, аларды ыймандуу, билимдүү кылып тарбиялап жаткан энелерге таазим»,-деди Ниматулла ажы Рыскулов.