Ош облустук казыятынын жамааты Кара-Суудагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алды

1-июнь – Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Ош облустук казыятынын эмгек жамааты Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектеп” мекемесин жана “Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жатак типтеги бала бакчасы” мекемесин зыярат кылды.

Зыярат учурунда облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят кызматкерлери окуп жаткан окуучулардын абалынан кабар алып, казыяттын атынан материалдык жардам көрсөттү.

“Жараткан иштериңиздерге ийгиликтерди берсин. Ушундай мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды окутуп жатканыңыздар чоң сооптуу иш. Жараткан дүйнөлүк жана акыреттик жакшылыктарды берсин”, – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Ал эми мектеп жетекчилери мекемеде окуган окуучулар жөн гана дүлөй эмес, көп тараптуу талмасы, башында кистасы бар жана башка көп оорулуу балдар экенин айтып, атайын зыяратка келген казыят аппаратына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, мекеме өлкөбүздүн түштүк аймагындагы  дүлөй жана сүйлөй албаган балдарга билим берген жалгыз мектеп жана бала бакча мекеме. Ага Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусунун аймагынан келген мүмкүнчүлүгү чектелген 184 окуучу окуса, ал эми мекеменин бала бакчасында 60 мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр окуйт.