Баткен казыяты “Нур” балдарды калыптандыруу борборундагы балдарга жагымдуу маанай тартуулады

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен шаарындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборун зыярат кылып, мында тарбияланып жаткан өспүрүмдөрдү майрамы менен куттуктады.

“Балдарыбызга бүт мээримин төгүп, аларды ар тараптуу өнүктүрүүгө, тарбиялоого болгон аракетин, энергиясын, акылын, билимин арнаган ата-энелерге жана “Нур” борборунда эмгектенген  педагогдорго өзгөчө ыраазычылык. Ушул жерде тарбияланып жаткан сүйүктүү балдар, майрамыңар менен! Силерге бекем ден-соолук, тоодой бак-таалай каалайбыз. Акылдуу, билимдүү, чынчыл, адептүү болуп жетилгиле”, –деди Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров өз куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, саамалыкты ар тараптан колдоого алган демөөрчүлөр казыяттын аялдар жамааты, кондитер Айчүрөк Орозова, жеке ишкер Жазгүл Убайдулла кызы, “Калем сарай” канцелярдык дүкөнүнүн ээси Султанали Малабаевдер болду.