Өзгөндө болочок ажыларды сапарга даярдоо жүрүп жатат

Ош облусунун Өзгөн районунан 2023-жылдагы ажылык амалдарын аткарууну көздөп жаткан болочок ажыларга сабак өткөрүлдү. Ага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, ажыларды жетектеп баруучу ажы башчылар жана болочок ажылар катышты.

Анда облус казысы “ажылыктын парздары, важибдери, андагы мустахаб амалдар жана ажылыкты бузуучу иштер” боюнча сабак өтүп, берилген суроолорго жооп берди.

“Исламдын негизги беш түркүгүнүн бири болгон ажылык амалдарын аткарып келүүгө жана дубалар кабыл болуучу улуу жайга аттанып жатасыздар.

Урматтуу ажылар! Быйылкы муфтият жана андагы ажылык иштери боюнча түзүлгөн топ сиздерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана мүмкүн болушунча арзан болуусу үчүн бир канча күн Сауд Падышачылыгында болушуп, ал жак менен тил табышып, баарыңыздар ыраазы болгондой бааны түзүп келген жетекчиликке жана ажылык иштери боюнча түзүлгөн топко ыраазычылык билдиребиз жана аларга дуба кылыңыздар. Ажылык амалдарыбызды калыс Аллах үчүн аткарып, Жараткан убада кылынган соопторго жетүүнү насип кылсын. Абу Хурайрада (р.а) рываят кылынган хадисте, ал киши мындай деп айтты: “Мен Алланын элчисинин (с.а.в) мындай деп айтып жатканын укканмын: “Ким Аллах (ыраазылыгы) үчүн ажылык кылса, анда (жаман, уят) сөздөрдү сүйлөбөсө, күнөө, бузукучулук кылбаса, ал адам кудум энеси аны төрөгөн күндөгүдөй (энесинен кандай таза абалда төрөлгөн болсо, ошол сыяктуу) үйүнө кайтат” деген. Ошондуктан ажылык боюнча сабактарга активдүү катышып, түшүнбөгөн суроолоруңуз болсо тартынбай сурап, аткарылуучу амалдарды так билип алыңыздар”, – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.