Ош шаарында ДОЖдор аралык интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү (фото)

Ош шаардык казыятына караштуу диний окуу жайлар арасында жана теология факультети менен биргеликте интеллектуалдык оюн өткөрүлүп, ага медресе жана окуу борборлордун студент-окучуулары катышты. Аталган жарыш Ош шаардык казыяты жана  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмү тарабынан  уюштурулду.

Интеллектуалдык оюндун ачылышында сөз сүйлөгөн Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков мындай жарыштар спорттук түрдө дагы өтөрүн айтып өттү.

3 бөлүктөн турган жарышта ар бир айлампа 10 суроодон түзүлүп, бир суроого бир мүнөттөн убакыт берилди. Таймаштын акыркы бөлүгү логикалык суроолор менен толукталып, мыктылар алдыга озуп чыкты. Калыстардын чечими менен 1-орунду “Салахидин Эшан” институту, 2-орунду “Козу кызы Бурмакан” окуу борбору, ал эми 3-орунду телогия факультети ээлеп, оюнга катышкан командаларга китептер жана баалуу белектер берилди.

Бул интеллектуалдык оюндун максаты диний окуу жайлардын кругозордук деңгээлин жогорулатуу менен, алардын илим-билимге болгон кызыгуусун арттыруу болуп эсептелерин казыяттан билдиришти.