Ош шаарында диний окуу жайлар жыл жыйынтыктарын чыгарууда

Ош шаарында диний окуу жайлардын абалын, шарттарын текшерүү уланууда. Анын алкагында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков “Хадича Аль Кубро” институтун зыярат кылып, анда окуп жаткан кыз-келиндерге илим-билимдин пазилеттери боюнча лекция окуду.

“Шариятыбызда илим алуу аялга да, эркекке да парз деп тегин жерден айтылбаган. Кыз-келиндердин илим-билим алуусу өтө маанилүү нерсе. Анткени алар эртең эне болуп, балдарына татыктуу тарбия берет. Билимдүү эне тарбиялаган балдар да билимге жакын болуп эрезеге жетет. Демек, аялзатынын илим алышы урпактарга көрүлгөн камкордук”, – деп билдирди казы орун басары.

Мухаммадияр кары институтта окуган кыз-келиндерге ийгилик каалап, сынактарды мыкты тапшырып алууларына тилектештик билдирди. Аны менен катар жайкы лагерлерди Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан бекитилген жобого ылайык уюштурулуусун айтып, казыяттын уруксат алуулары керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу жайынын шарттары, абалы, окуу процесси талапка жооп берерлик деп табылып, мугалимдердин жигердүү иш алып барып жатканы маалым болду.