Жалал-Абад казыятында баш имам-хатибдерге жыйын өтүп, казы бир катар талаптарды койду

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков облус аймагындагы район-шаарлардын баш имам-хатибдери менен кезектеги жыйынын өткөрдү. Жолугушуу облустук казыяттын жыйындар залында өтүп, анда төмөнкүдөй маселелер каралды:

1) Мечиттерди каттоого көрүлүп жаткан аракеттер жана кемчиликтер;

2) Динди жамынган экстремизм жана терроризмдин алдын алуу;

3) Хатибиятта жана мечиттердеги бухгалтериялык иштерди жөнгө салуу;

4) Имамдардын беш маал намазга катышуусу жана азанчылардын өз убагында азан айтуусун камсыз кылуу;

5) Район-шаарларда аткарылган иш-чаралар боюнча убагында маалымат берүү;

6) Имам-хатибдердин, имамдардын өздүк делосу жана документ иштериндеги кемчиликтер;

7) Медресе иштерин көзөмөлгө алуу, аткарылып жаткан иштери жана анда жайкы лагерлерди уюштуруу;

8) Даават боюнча көзөмөл ж.б.

Жыйында Нематулла ажы Жээнбеков жогорку маселелерге кенен токтолуп, документ иштериндеги катачылыктарды жоюу талабын койду.

Эскерте кетсек, аталган жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Дастан Турдукулов, казыят кызматкерлери жана район-шаарлардын баш имам-хатибдери катышты.