«Имам Сарахсий» мечитинде эл аралык Куран жарыштарга катышуу үчүн жаштар арасында тандоо туру өткөрүлдү

Бүгүн, 30-майда Бишкек шаарындагы  «Имам Сарахсий» мечитинде эл аралык Куран жарыштарга катышуу үчүн жаштар арасында тандоо туру өткөрүлдү.

Талапкерлер өздөрүн 30 пара Куран жана 7 кыраат боюнча өз күчтөрүн сынашып, аларга Имамали кары Тажибаев, Абдулла кары Акпарали уулу, Куштарбек ажы Маматовдор калыстык кылышты.

Тандоо турунун жыйынтыгында 30 пара Курандан Абдулла кары Айдосов артыкчылык көрсөтсө, 7 кыраат боюнча Давранбек кары Рустамбек уулу тандалып алынды. Ал эми Мухаммад кары Мирбеков жана Абдусами кары Козуев чет жерлерде өтүүчү кийинки жарыштарга катышуу үчүн жолдомо алышты.

«Бүгүн тандоо туру өтүп, анын жыйынтыгында 30 пара Курандан Абдулла кары Айдосов, 7 кыраат боюнча Давранбек кары Рустамбек уулу тандалды. Булар кайсыл гана мамлекеттен Куран жарышына чакыруу келсе алгачкылардан болуп барып, мамлекетибиздин намысын коргошот. Ал эми Мухаммад кары Мирбеков менен Абдусами кары Козуев кезекте калтырылып, кийинки чакырыктарга дал ушул карыларыбыз барышат», –деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Куштарбек ажы Маматов.