Аламүдүн районунун баш имам-хатиби Абдурахман ажы Анаркулов медреселерди кыдырды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун баш имам-хатиби Абдурахман ажы Анаркулов Чүй ОИИБнин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районундагы медреселерди зыярат кылып, экстремизм жана терроризмге каршы туруу темасынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«Ислам бул Жаратуучунун алдындагы кабыл болгон ыйык дин. Аллах Тааланын өзүнүн сөзү болгон ыйык Куранда «Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым. Жана силерге (Менин) ырайымымды акырына чейин жеткирип, ислам динин силерге ыраа көрдүм» (Мааида  сүрөсү, 3) деп айтылат. Бул аяттан белгилүү болгондой, ислам дини эң таза жана толук дин. Ким ислам дининен кынтык издесе, ошол адам эң бактысыз адам экени белгилүү болот. Ошондуктан ислам дининде эч кандай терроризм, экстремизм деген нерсе жок», – деп белгиледи баш имам-хатиб Абдурахман ажы Анаркулов.