Ноокатта жаш балдар арасында Курандын 30-парасын жатка окуу боюнча мелдеш өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндөгү “Бостон” мечитинде жаштардын бош убактысын диний таалимдерди алуу жана ар кандай терс жоруктардан алыстатуу максатында 12 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр арасында Курандын отузунчу парасын толук жатка айтуу боюнча медеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Аталган саамалыкка Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев жана мечит имамдары катышып, калыстык кылышты.

Куранды жатка, мыкты үн жана тажвид эрежелери менен окуган катышуучуларга баалуу сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

“Азыркы учурда жаш балдарды ар түрдү жаман жоруктардан, наркотикалык заттарды колдонуудан жана уюлдук телефондор менен алек болуудан узакташтыруунун жолу ушул сыяктуу сынактарды, мелдештерди, жарыштарды өткөрүү болуп калды. Антпесе көп нерсени түшүнүп жетпестен, өздөрү билип-билбеген абалда чоң күнөө иштерге аралашып калып жатышат. Быйылкы жайкы каникулда да атайын жаш балдарды окутуу, туура талим-тарбия берүү максатында жайкы лагерлерди уюштурууну көздөп турабыз. Буюрса мына ушундай сынактарды көп өткөрөбүз”, – деди райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев.