Баткенде мечиттердин коопсуздук жана тазалыгы боюнча чараларын камсыз кылуу боюнча жыйын өттү

Кечээ, 29-майда Баткен районунун борбордук “Нуьмани” атындагы мечитинде Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов Баткен районунун аймагындагы имамдарга жыйын өткөрдү. 

Жыйында имамдардын буга чейинки ишмердиги талкууланып, негизинен төмөнкүдөй маселелер каралып, бир катар тапшырмалар берилди. 

1. Муфтияттын, казыяттын, хатибияттын буйруктарын өз убагында аткаруу;

2. Мечиттердин коопсуздук жана тазалыгы боюнча чараларын камсыз кылуу.

Муну менен катар имамдарды өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, документтеринин тактыгына көңүл бурууга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуга чакырды. 

“Эл менен тыгыз байланышта иш алып барууңуздар зарыл жана ар бир имам муфтияттын бирдиктүү жума хутбалары менен элге баяндама айтууга көңүл буруусу керек. Ошондой эле жакшы иштерибиз менен үлгү болуп, элди жакшылыкка чакыралы ”, – деди Абдурашид ажы Юнусов.