Ош шаарында имамдардын квалификациясын жогорулатууга багытталган курс уюштурулууда

Ош мамлекеттик университенинин теология факультетинде Ош шаарындагы дин кызматкерлеринин диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында сабактар өтүлө баштады. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын коцепциясынын талаптарына ылайык уюштурулуп жаткан бул 3 күндүк окуу программасында акыйда илими, хадис илими жана Куран тафсири боюнча сабактар өтүлмөкчү.

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков имамдардын сабаттуу болушу зарылдыгын белгилеп, мамлекетти өнүктүрүүнүн светтик принцибин түшүнүүнү, мыйзамды сыйлоону калыптандыруу, укуктук маданияттын деңгээлин көтөрүүнү айтып, мындай сабактар дагы да уланарын маалымдап өттү.

Казы орун басарынын айтымында, ушул сыяктуу саамалыктар имамдардын агартуучулук деңгээлин бир топ алдыңкы баскычка көтөрмөкчү.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы Чыгыш жана Батыш хатибияттарынан жалпы 60 имам курстан өтөт. Ошондой эле квалификациялык билимин жогорулаткан дин кызматкерлерине атайын сертификаттар берилет.