Шафии долбоорунун балдар арасындагы кезектеги республикалык Куран жарышы өттү

«Кара-Балта Куран Нуру» институтунда Шафии долбоорунун балдар арасындагы республикалык III Куран жарышы өттү. Иш-чарага ардактуу конок катары Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев катышты. Жарыш Куран окуу менен башталып, Самидин кары Атабаев Курандын пазилети жөнүндө сөз сүйлөдү.

Куран жарышына 40 ка чукул конкурсант катышып, алар 30 пара, 15 пара, 10 пара жана 5 пара боюнча күч сынашты.

Белгилей кетсек, конкурста «Имам Сарахсий» борбордук мечитинин имамы Анарбай кары Орунбай уулу, «Ала-Тоо 2» медресесинин устазы Рахматулла кары Бекмуратов, «Ибн Аббас» медресесинин устазы Асылбек Таштемиров, устаз Имамали Тажибаев жана «Кара-Балта Куран Нуру» институтунун устазы Абдул Жавад Суйутий калыстык кылды.