Абдишүкүр ажы Нарматов Баткенге илимий иш сапары келип, ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча лекция окуду

Баткен обустук мусулмандарынын казыятынын уюштуруусу менен Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов илимий иш сапары Баткен районуна келди.

Ректор иш сапарынын алкагында Баткен районундагы Дара, Кан, Кайыңды, Согмент, Чарбак, Сырт, Таян, Сай жана Кыштут айылдарынын жашоочулары менен жолугушуп, “Шүгүр кылганды үйрөнүү” жана “Ысырапкочулукка жол бербөө” темаларынын алкагында баяндама жасады.   

Иш-чарага Баткен районунун акими Учкун Жоробаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров башында турган казыят, хатибият кызматкерлери катышты. Облус казысы элдин жан-дүйнөсүнө руханий азык берип, пайдалуу сабак өткөнү үчүн Абдишүкүр ажы Нарматовго терең ыраазычылык билдирди.