Кара-Сууда улут аралык чыр чатакты болтурбоого багытталган жыйын өтүп, ага баш имам-хатиб катышты

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Улут аралык чыр чатакты болтурбоо жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу» темасында иш-чара уюштурулду. Саамалыкка Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Ош ОИИБнин ЭММКАКнын бөлүмчө жетекчиси Марат Джуматаев, Кара-Суу РИИБнин ЭММКАКнын кызматкерлери жана көп этностуу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров «Аллаах Таала Куранда: «Биз силерди бир эркек (ата) жана бир аялдан (энеден) жараттык. Ошондой эле силерди бири-бириңерди таанып билүүңөр үчүн улут жана уруу кылып койдук. Албетте, Алланын астында эң сыйлууңар такыбалар» деп айткан. Ошондой эле башка аятта: «Албетте момундар баары бир тууган», – деп жалпы мусулман калкы бир дене сыяктуу экендигин белгилеп өттү.

Ошондой эле баш имам-хатиб котормочусуз сүйлөшкөн түрк тилдүү улуттар мындан да жогорку деңгээлде ынтымакта болуп, бири-бирине жөлөк болушу керектигине басым жасады.