Мухаммадияр кары Курбанбеков “Салахидин Эшан” ислам институтун зыярат кылып, студенттерге кеп-кеңештерин айтты

Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков баштаган казыят кызматкерлери шаардагы “Салахидин Эшан” ислам институтунан кабар алды. Казы орун басары институттун ишмердүүлүгү жана жакын арада диний окуу жайлар арасында өтүүчү ислам интеллектуалдык сынагына даярдыктарды жеринен көрүп, студенттерге алдыдагы жылдык сынактарын ийгиликтүү тапшыруу тилектештигин билдирди.

Мухаммадияр кары муну менен бирге окуу жылы аяктаган соң, жайкысын мечиттерде кызмат кылып, тажрыйба алуу үчүн практика катары имамдарга жардам берүүнү белгилеп өттү.

Казы орун басары зыяратынын алкагында Ош шаардык казыятына караштуу жалпы диний окуу жайлардан отчёттук маалымат алынарын айтып, бүтүрүүчү курстарга дипломдорун тапшыруу аземи өткөрүлөрүн билдирди.