Баткен облусунун казысы студенттер менен жолугуп, баңгизаттардын кесепеттери боюнча насаат айтты

Кечээ, 26-майда Баткен облусунун казы Нуридин ажы Мамасабиров жана казынын орун басары Муса ажы Жолдошов Баткен педагогикалык коллежинин студенттери менен жолугушту.

Жолугушууга Баткен педагогикалык коллежинин директору Тазагүл Камилова жана мугалимдер катышты. Саамалык Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругуна ылайык, Баткен облусунун аймагындагы окуу жайларда өспүрүмдөр арасында зыяндуу адаттарды алдын алуу максатында уюштурулду.

“Азыркы тапта баңгизаттардын жаңы түрлөрү пайда болуп, өспүрүмдөр арасында зыяндуу заттарды колдонуу көбөйүүдө. Мындай жат көрүнүш балдарга залал жеткирип, келечегинин талкаланышына алып келет. Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, жаштарды адептүүлүккө жана зыяндуу заттарды колдонуудан алыс болууга чакырган иш-чараларды байма-бай өткөрүүдөбүз”, – деп билдирди Нуридин ажы Мамасабиров.