Муса ажы Жолдошов сүлүктүлүктөр менен жолугуп, салттуу ислам ислам боюнча баяндама жасады

Бүгүн, 26-май күнү Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов Сүлүктү шаарындагы “Мухаммед” мечитинде жергиликтүү эл менен жолукту. Жолугушууда Муса ажы Жолдошов Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан бектилген жылдык бирдиктүү жума хутбасынын негизинде ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы боюнча жума баянын айтты.

«Азыркы учурда социалдык тармактарда диний маалыматтар абдан көбөйдү. Анализ кылбастан, аларды окуп үйрөнгөндөр адашып калуусу мүмкүн. Ошол себептен илим алууда устаз тандоо маанилүү. Ханафи мазхабы, матуриди акыйдасын бекем кармоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн ишенимдүү устаз кармап, алар сунуштаган гана адабияттарды окуңуздар», – деди казы орун басары жума баяндамасында.