1-майда окуучуларды салттуу эмес диний багыттардын таасиринен коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 25-май күнү Бишкек шаарынын 1-май районуна караштуу Көлмө жаңы конушунда мектеп окуучуларынын жайкы эс алуу мезгилинде туура эмес агымдардын таасирине кирип кетүүлөрүнө жол бербөө боюнча жыйын болуп өттү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан уюштурулган иш-чарада түшүндүрүү иштерин күчөтүү талкууланды.

Жыйынга 1-май районунун РИИБнин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, 1-май районунун баш имам-хатиби Ырысбай ажы Ахунбаев, укук коргоо органдары жана ата-энелер катышты. 

“Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин атайын буйругу менен ар бир мечит имамы жума баянында, диний лекция, семинарларда өлкөдөгү жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактуу өсүүсү, жаштык кезин туура пайдалануусу жана билимге жанашуусу боюнча үгүт-насааттарды айтууну тапшырган. Айрыкча, окуучу балдарыбыз жайкы эс алуу учурунда туура эмес агымдардын же болбосо баңгизат сыяктуу зыяндуу нерселерди колдонуу аркылуу туура эмес жолдорго азгырылып калышы мүмкүн. Ошондуктан өлкөбүздүн келечеги болгон өспүрүмдөрүбүздүн туура дин багытын карманып, илимдүү, адептүү жана ыймандуу болушу үчүн жалпыбыз салым кошолу. Диний кызматкерлер эле эмес, бардык органдар, айрыкча ата-энелер, сиздер да көмөктөшүп, балдарга тынбай эскертип турсаңыздар мыкты натыйжага жетебиз», – деп билдирди райондун баш имам-хатиби Ырысбай ажы Ахунбаев.