Ысык-Атада коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңешме өттү

Архив.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уюштурулган Коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча координациялык кеңешмеге катышты. Жыйында баш имам-хатиб райондогу диний абал боюнча маалымат берди.

Убабеков кеңешмеден соң райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, кеңешменин күн тартибинде каралган маселелерди жалпы имамдарга жеткирди.