Сокулук жана Токмокто кыздардын билим алуу укугун коргоо боюнча жыйын уюштурулду

Чүй облусунун Сокулук районунда жана Токмок шаарында «Кыздардын билим алуу укуктары жана эрте турмушка чыгуудан коргоо» аттуу теманын алкагында талкуу болуп өттү. Жыйында Чүй облусунун казысынын орун басары Саясат ажы Асанов сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду:

«Динибизде аялзатынын орду чоң. Алла Тааланын Сөзү болгон ыйык Курандын үчүнчү сүрөсүнүн аты ан-Нисаа. «Аялдар» деп аталган ушул сүрөнүн өзү эле аялдардын укугун жана алардын диндеги орду жогору экенинен кабар берет, ошондуктан биз өз кыздарыбызды илим-билимге жана ата-энени урматтоого, ошондой эле келечекте татыктуу эне болуп, эл-жер үчүн кызмат кыла турган эр-азаматтарды өстүрө тургандай тарбия беришибиз керек», – деп белгиледи Саясат ажы Асанов.

Белгилей кетсек, ушул жыйынга Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жылдыз Адылбекова, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Назира Абакирова, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Чүй облусундагы өкүлү Замирбек Өмүрзак уулу, Чүй облусунун казысынын орун басары Саясат ажы Асанов, Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев, Токмок шаарынын имам-хатиби Имиржан ажы Касымов, райондук жана шаардык бийлик өкүлдөрү жана активист айымдар катышты.