Чаткалда 20 жылдыктар көп балалуу муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Кара-Булак айылындагы 1985-жылкы бүтүрүүчүлөр тарабынан көп балалуу аз камсыз үй-бүлөгө үй курулуп, аны тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Алтынай Таштанбаева баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун баш имам-хатиби Кубанычбек ажы Токонов, мекеме-ишканалардын башчылары жана айыл аксакалдары, тургундар катышты.

Кубанычбек ажы алгач куттуктоо сөзүн айтып, мындай иштердин канчалык сооптуу экенин хадистер менен түшүндүрүп өттү. Ушундай саамалыктардын уланышы маанилүү экенин айтып, себепчилерге дуба-тилектерди айтты.​

Ошону менен катар аксакалдар, келген коноктор үй ээсин ак өргөөсү менен куттуктап, жакшылыктарды каалап, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиришти.​