Нарындагы «Юсуф Сыдык» балдар медресесин 70 окуучу аяктады

Бүгүн, 25-май күнү Нарын шаарында жайгашкан «Юсуф Сыдык» атындагы балдар медресесинин бүтүрүү кечеси болуп өттү. Бүтүрүү кечесине балдардын ата-энелери, казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, «Калем» лидерлер академиясынын негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраев катышты.

Алгач  бүтүрүүчүлөр үчүн даярдалган чакан программа коюлуп, андан соң ата-энелерге жана устаздарга ыраазычылыктар айтылды. Программанын жүрүшүндө устаздар жалпы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап өтүштү. Сөз алган Кумарбек Орозалиев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап: «Баланын милдетин жана илдетин алыш оор болот. Сиздер балдарыңыздарды бул жакка ишенип тапшырдыңыздар, агайлар колдон келген илим-билимин, таалимтарбиясын аяшкан жок. Албетте, эки жылдык окууда балдарыңыздарды аалым кылыш кыйын, бирок аалымдыкка барчу жол менен адамдыктын ачкычын колдоруна тапшырып атышат. Эми  калганын балдарыбыз өздөрү аракет кылышат чыгар. Биз балдарга кең келечек, турмуштагы туруктуулук менен адамкерчиликти каалайбыз», – деп билдирди.

Сөз алган ата-энелер да балдарынын бул жактан окуганына кубанып, окуткан устаздарына терең ыраазычылыктарын айтып өтүштү.

Соңунда балдардын колдоруна медресенин сертификаттары тапшырылып, балдар үчүн дуба кылынды.

Эскерте кетсек, быйылкы окуу жылында «Юсуф Сыдык» балдар медресесинен жалпы 39 бала бүтүп жатса, ушул эле медресенин кыздар бөлүмүнөн 30 кыз аяктоодо.