Баткенде медреселер аралык спорттук мелдештер өткөрүлдү

Баткен облусунун аймагында жайгашкан медреселер арасында спорттун кичи футбол, тенис, аркан тартыш, кол күрөш оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. Спорттук иш-чара Баткен облустук мусулмандарынын казыяты жана “Абу Ханифа” медресеси менен биргеликте уюштурулуп, ага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят кызматкерлери, медресе мугалимдери жана студенттер курамынан командалар күч сынашты.

Турнир жаштарды спортко, сергек жашоого үндөө жана медреселер арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду. Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылды, – деп билдиришти уюштуруучулар.

Мелдештин жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду:

Футбол оюну боюнча:

1-орун – “Азирети Али” медресеси

Аркан тартыш оюну боюнча:

1-орун – “Абу Ханифа” медресеси

Стол тенниси  боюнча:

1-орун – “Муаз ибни Жабал” медресеси

Кол күрөш  боюнча:

1- орун – “Байтулла” медресеси.