Ноокатта жооптуу имамдарга жыйын болуп, жаштар менен тыгыз иштешүү талкууланды

Ош облусунун Ноокат районундагы жалпы жооптуу имамдарга жыйын болуп, “экстремизм, терроризимдин алдын алуу”,  “жаштар арасында өз өмүрүнө кол салууларды болтурбоо”, “конокторго жана туристтерге жакшы мамиле жасоо” боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилип, жаштар жана ата-энелер менен жакындан иштешүү зарылдыгы айтылды.

Аталган жыйынга Ноокат РИИБнин жетекчиси Талгат Өскөнбаев, РИИБнин ЭММКАКнын жетекчиси Адыш Исмаилов, Ноокат райондук хатибиятынын катчысы Бекназар Жапаров жана райондун жооптуу имамдары катышты.

“Тарбиянын суздугунан же ата-энелердин көңүл коштугунанбы, акыркы учурларда өз өмүрүнө кол салган жаштар көп кездешүүдө. Албетте мунун акыбети канчалык оор экендигин билбестен, бир аз гана кыйынчылыкка сабыр кыла албай, өз өмүрүн кыйып, бул нерселерден кутулам дешет. Биз, дин кызматкерлери, бул нерселердин алдын алуу максатында мектептерде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүп, жаштардын жаман жоруктардан арылуусуна себепкер болуубуз зарыл. Атап айткандай эле, кээ бир жаштар ушул сыяктуу иштерге жеңил ой, билимсиздик менен барып жатышат. Биздин түшүндүрүү иштерибиздин артынан мына ушундай окуялар кескин азаят деп ишенебиз. Андыктан калк арасында түшүндүрүү иштерин мындан ары да күчөтөлү”, – деди Бекназар Жапаров.

Жыйындын соңунда имамдар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү тараптардан жооптор алынды.